• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында көчөттөр отургузулду — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында "жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара Токой кызматы, AFoCO жана токой чарба секторундагы 14 өлкөнүн өкүлдөрү (Бутан, Бруней-Даруссалам, Камбоджа, Кыргызстан, Индонезия, Казакстан, Лаос ПДР, Монголия, Мьянма, Филиппин, Корея, Таиланд, Тимор-Лесте, Вьетнам, Малайзия жана Сингапурменен) биргеликте өткөрүлдү.

Анда 40 даана – тянь-шань карагайынын, 30 даана – арча, 30 даана – кайың көчөтү отургузулду.

AFoCO КР президенти Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" улуттук кампаниясын өткөрүү боюнча демилгесин колдойт.

AFoCO`нун бул демилгеге катышуусу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Белгиленгендей, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына көчөттөрдү отургузуу бул уникалдуу жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн жана кооздугун сактап калууга гана жардам бербестен, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана айлана-чөйрөнүн сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий