• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

19-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 19-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -3…-8, Талас облусунда -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5, Ысык-Көл облусунда -3…+2, Нарын облусунда -11…-16 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы -5…-7 градус болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий