• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектеги Батыш автобекетинде ири өрт чыкты – видео

Кырсык 0


Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылды.

Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий