Чүйдө тогузунчу кабаттан боюн таштоого аракет көргөн жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек тогуз кабаттуу имараттан эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет көргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя 19-ноябрда болуп, куткаруу ишине беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар саат 15:13тө жерине жетишип, милиция кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 15:30дар чамасында боюн таштайм деген жаран түшүрүлүп, милиция жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий