• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө жигит унааны айдай качып, жол кырсыгынан каза болду - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жигит унааны айдай качып, жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда болжол менен саат 03:00дө Каракол шаардык милициясына Каракол – Каракол-Пристань унаа жолунун 1,800 чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралуу билдирүү келген.

Окуя жерине барган ыкчам-тергөө тобу аныктагандай, Каракол шаарынын 22 жаштагы И.Ф. аттуу тургуну 18 жаштагы Ш.М. аттуу таанышы менен саат 02:30дар чамасында шаардагы №23 тергөө абагынын жанында турган “АУДИ-А6” унаасын уурдап кетишкен. Андан кийин жигиттер Каракол-Пристань унаа жолунда бара жатканда И.Ф., аттуу жаран рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан улам ал жеринде каза болгон. Ал эми Ш.М., аттуу жүргүнчү жаракат алып, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү экспертиза дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий