• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Базар-Коргондо өткөрүлгөн рейд учурунда 2 даана ок атуучу курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Базар-Коргондо өткөрүлгөн рейд учурунда 2 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан эл арасында профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

"Район аймагында жүргүзүлгөн “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында милициянын профилактикалык каттоосунда турган, мурда соттолгон 43 адам, чыр-чатак көп катталган 25 үй-бүлө текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле милициянын участкалык инспекторлору өздөрү тейлеген аймактарда жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 2 даана ок атуучу курал алынган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Базар-Коргон РИИБи тарабынан 3 күндүк "Укук тартип" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара негизинен калк арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталды. Рейддин алдында өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, жарандар менен сылык мамиледе болуу керектиги эскертилди.

Иш-чара учурунда милиция тарабынан паспорттук эреже боюнча 363 кожолуктан турган 1812 адам жана 185 мергенчиликти сүйүүчүлөр текшерилди. Ар түрдүү укук жана тартип бузган 42 адамга КР Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Белгиленгендей, милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер эл аралашып, улуттар аралык араздашуулардын, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, мал уурулуктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий