Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 19-октябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз +17…+22, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы күндүз +19…+21 градуска жетет.
Пикир
Оставить комментарий