• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ИИМ: Беш айда 604 баңги кылмышы аныкталып, 2 тоннадан ашуун баңгизат алынды

Коом 0

Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2023-жылдын 5 айында аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач кызматтын бөлүм башчылары Айдар Шигаев менен Рыспек Өскөнбаев татыктуу эс алууга узатылды.

Иш-чараны аталган кызматтын башчысы Уланбек Султанов ачып, өз сөзүндө алардын көп жылдык эмгеги, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Коштошуу учурунда алар Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын жетекчилигине жана жалпы өздүк курамына мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалашты.

Андан ары гибриддик форматта 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын өткөрүлүп, анда отчеттук мезгил аралыгында баңгичиликтин алдын алуу багытында 160 ашык иш-чара уюштурулганы белгиленди

Алсак, 2023-жылдын 5 айында ички иштер органдары тарабынан 604 баңги кылмышы аныкталып, 2 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Отурумдун жүрүшүндө жетекчилик синтетикалык баңги каражаттарынын аткезчилигине бөгөт коюу, ошондой эле дары-дармек лабораторияларын, дары-дармектерди даярдоочу компоненттерди аныктоо жана жоюу боюнча иштерди күчөтүү боюнча бир катар милдеттер койду.

Ишти начар уюштургандыгы үчүн бир нече облустук башкармалыктардын жетекчилери жана бир катар кызматкерлер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Пикир

Оставить комментарий