19-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 19-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусуна +21...+26, Талас облусунда +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл облусунда +18...+23, Нарын облусунда +21...+26 градус болот.

Ал эми Бишкекте абанын температурасы +24...+26 градуска жогорулап, күндүн экинчи бөлүгүндө өткүн өтүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий