• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан менен Франциянын кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Б.Бухвальтер менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-француз эки тараптуу кызматташтыгынын ар кыл маселелери талкууланды.

2023-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу менен саясий диалогду кеңейтүүгө болгон өз ара даярдык тастыкталды.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода жана экономикалык, инвестициялык жана илимий-маданий кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү боюнча учурдагы абалды жана перспективаларды талкуулоого, ошондой эле кеңешчинин көңүлү өлкөдөгү ички саясий трансформациялар, адам укуктары, сөз эркиндигин чыңдоо, ошондой эле каралып жаткан медиа жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдардын долбооруна бурулду.

Элчи Садык Шер-Нияз ушул жылы Парижде кыргыз жана француз ишкерлеринин биринчи бизнес форумун уюштуруу, соода, экономикалык, маданий жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү жана укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгына көңүл бурду.

Кыргызстанда экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, айрыкча Кыргызстандын экономикасынын энергетика жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө француз компанияларынын катышуусу оң бааланды.

Франциянын дүйнөнүн климатын жана экологиясын жакшыртуу боюнча аракеттерин эске алып, элчи экологияны жана жашыл экономиканы сактоо боюнча долбоорлордун ордуна тышкы карызды кечүү маселесин кароону сунуштады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий