Нурдөөлөт Базарбаев эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.09.23./Кабар/. Нурдөөлөт Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий