• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин чыгыш бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда саат 09:00дөн 22:00гө Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү - темир жол, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында убактылуу суу жок болот.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий