• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жакында эски аэропорттун аймагында гүлбакча пайда болот. Эскизи

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Айтматов проспектиси менен Ажибек Баатыр көчөсүнүн кесилишинде (эски аэропорттун аймагы) жакында гүлбакча пайда болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин адистери заманбап көз караштагы абдан кызыктуу көрктөндүрүү долбоорун даярдашты.

"Аянтка асфальт жана брусчатка төшөлүп, кичинекей фонтан, түнкү жарык, отургучтар жана балдар аянтчасы орнотулуп, бир нече бактын түрү отургузулат", - деп айтылат маалыматта.

Эс алуу аянтчада чоңдордун жана балдардын ыңгайлуу эс алуусу үчүн керектүү нерселердин баары болот.

Пикир

Оставить комментарий