Кыргызстанда жазгы талаа иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Республика боюнча жазгы айдоо иштери 291,1 миӊ гектар аянтта жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, жазгы айдоо тапшырмасы 48%га аткарылып, өткөн жылдан 37,3 миӊ гектарга көп болду.

"Жазгы талаа иштери Баткен облусунда 67,6%, Жалал-Абадда 45,1%, Чүй облусунда 93,8%га аткарылды. Жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү 173,4 миң гектар жерге жүргүзүлгөн. Баткенде 20,1 миң гектар айдоо жеринин 18,1 миң гектары айдалды. Талас облусунда жаңы башталды. Ал эми Чүй облусунда 111,9 гектар жер айдалды", - дейт министрдин орун басары.

Керималиев кошумчалагандай, Баткенде арпа 11,6 миң гектар жерге себилсе, Жалал-Абад жана Чүйдө 88-89%га аткарылды.

"Нарында жана бийик тоолуу аймактарда Чоң Алай, Чаткал, Тогуз-Торо, Суусамыр, Тоң, Жайылда кылкандуу дан эгиндерди себүү май айында бүткөрүлөт", - дейт Керималиев.

Пикир

Оставить комментарий