• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда 745 миң гектар жерде жазгы айдоо иштери жүргүзүлөт – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 745 миң гектар жерде жазы айдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Ал белгилегендей, быйыл жаз эрте келгендиктен өлкөдө жазгы талаа иштери эрте башталган.

Анын айтымында, 2020-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 1 млн 221 миң гектарды түзөт.

"Быйыл Кыргызстанда 745 миң гектар жерде жазгы айдоо иштери жүргүзүлөт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүнүн пайыздык катыштарына кыскача токтолуп кетейин. Дан эгиндеринин аянты 631,9 миң гектарды түзөт. Бул жалпы түзүмдүн 51,8%ы. Картошканын аянты 71 миң гектар, жалпы аянттын 5,8%ы. Жашылча – 53,6 миң гектар же 4,3%, бакча өсүмдүктөрү – 11,3 миң гектар же 0,9%, техникалык өсүмдүктөр – 65,3 миң гектар же 5,5%, көп жылдык чөптөрдүн аянты 332,9 миң гектарды же жалпы түзүмдүн 29,4%ын түзөт. Бул түзүмдү сунуштап жатканда 30% көп жылдык чөптөргө берилген. Себеби, жылдан жылга өлкөдө малды башынын саны артып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий