• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Социалдык өнүктүрүү министри Ак-Бата жана Ак-Жар конушунун тургундары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Ак-Бата жана Ак-Жар конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жолугушууга “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамынын аткарылышын контролдоо жумушчу тобунун мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, министрликтин кызматкерлери да барган.

Жолугушууда Бишкек шаарынын райондоруна расмий түрдө карабаган жаңы конуштарда, дачаларда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттик жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондугу айтылган.

Министр, учурда аймактык-административдик бирдик катары макамы жок аймакта, дача тилкесинде жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана эмгекке жарамсыз адамдардын бардыгын мамлекеттик жөлөкпул менен камтуу максатында КРнын өкмөтүнүн долбоору министрлик тарабынан иштелип чыккандыгын билдирген.

“Көбүнчө калктын аярлуу катмары, ички миграцияда жүргөн жарандар жаңы конуштарда жашайт. Алар жашаган жери боюнча каттоого тура албай, белгилүү бир аймакта жашагандыгын тастыктоочу документ көрсөтө алышпайт. Бул нерсе аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоого алынуусуна тоскоол болууда. Буга байланыштуу биз биринчи кезекте ички мигранттарды жөлөкпул менен камтууну камсыз кылган норманы киргизип жатабыз”, -деген министр.

Белгилей кетсек, ушундай эле эл менен жолугушуу бүгүн, 14-майда Свердлов районунун Дордой конушунда жана Биринчи май районунун Мурас конушунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий