• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Казакстанда кыргыз-казак аскерлеринин "Күжүрмөн шериктештик" машыгуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Сарышаган" полигонунда күжүрмөн атууну камтыган Кыргызстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Асман чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн "Күжүрмөн шериктештик-2023" машыгууларынын активдүү фазасына катышуу үчүн барды.

Ведомстводон билдиришкендей, биргелешкен машыгууларга ошондой эле Казакстандын коргоо министри Р. Жаксылыков, КМШга мүчө-мамлекеттердин асман чабуулунан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитетинин мүчөлөрү, ошондой эле КР Коргоо министринин кеңешчиси Т.Өмүралиев, Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы К. Айдаралиев да байкоо жүргүзүштү.

Машыгуунун планына ылайык, абадагы жана жердеги бутага Казакдын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн абадан коргоо аскерлеринин жана авиациялык экипаждарынын күжүрмөн атуулары көрсөтүлдү.

Эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун жетекчилерине Сарышаган багытында жайгашкан объектилердин жана аскер топторунун абадан коргонуу элементтери көрсөтүлдү.

"Душмандын аэродромунун объектилерин жок кылуу" акыркы аккорд болгон.

Белгилей кетсек, КР КК Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер кызматчылары машыгууда колдонуу үчүн Кыргызстандан Казакстанга алынып келинген модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплексинен түз атууларды практика жузүндө биринчи жолу ишке ашырышты.

Күжүрмөн атуулардан кийин министрлер кыргыз Куралдуу күчтөрүнүн ЗРК "Печора-2БМ", ЗРК Бук-М2Э жана ТОР-М2К буталарынын макеттерин карап чыгышты.

Автомобиль техникасын тала шартында калыбына келтирүү боюнча көчмө ремонттук топтордун иши менен таанышышты.

Биргелешкен машыгуу жабылуу аземи менен аяктап, анда коргоо ведомстволорунун жетекчилери машыгуунун катышуучуларын сыйлады.

Эскерте кетсек, биргелешкен машыгууга 1075 аскер кызматчылары, 200дөн ашык аскердик жана атайын техника, ошондой эле 30дан ашык учак тартылган.

Пикир

Оставить комментарий