• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Геномдук селекцияга жол ачылып, асыл тукум мал чарбалары мамлекеттик колдоого алынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча КР Айыл чарбасы, тамак-аш өнөржайы жана мелирация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору өлкө аймагындагы асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган. Мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо депутаттар Айтмамат Назаров менен Асылбек Жээнбековдон колдонуудагы мыйзамдын негизги түшүнүктөрүнө геномдук селекцияны кошуу боюнча сунуштарын беришкен. Геномдук селекция – бул малдын генотибин тактоо. Ал гендердин варианттары менен чарбалык пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланышты табууга, азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө, селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен катар эл өкүлдөрүнүн сунушу менен асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субьектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шартта ишке ашырылары белгиленген.

Талкууда депутат Алмазбек Акматов өлкөдөгү асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгышы зарылдыгын баса белгиледи.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев асыл тукум чарбалары өнүктүрүү, колдоо иш-чаралары колго алына баштагандыгын маалымдады. Ошону менен катар эӊ алды менен илимий базасы болгон алдыӊкы чарбалар колдоого алынаары айтылды. Геномдук селеция Агрардык университетте жүргүзүлө баштаганы, «Манас» эл аралык университетинде дагы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилүү болду.

Бүгүнкү күндө азайып бараткан Ала-Тоо пародасындагы уйларды көбөйтүү боюнча Агрардык университет менен биргеликте иштер жүргүзүлөрү, Тянь-Шань, Алай пародасындагы койлорду көбөйтүү максатталып жаткандыгы кошумчаланды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, Жогорку Кеӊештин кароосуна сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий