• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ислам академиясы терең билими бар дин багытындагы адистерди даярдайт

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда түзүлүп жаткан Ислам академиясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууга багытталган эмес. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу жайы терең билими бар дин багытындагы адистерди даярдайт. Тагыраак айтканда, жогорку кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программалары боюнча кадрларды; жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү; ислам теологиясы боюнча кошумча кесиптик билим берүү.

Түзүлүп жаткан академиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүүнү камсыздоо, адистерди даярдоо, теология, дин таануу жана чектеш илимдер жаатында академиялык дараметин жогорулатуу;
  • илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүк, теология, дин таануу жана башка илимдер жаатында эксперттик, талдоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле коомдо жана диний коомчулукта заманбап илимий билимдерди жайылтуу;
  • социология, укук жана чектеш илимдер чөйрөсүндө, теология жана дин таануу жаатында тереңдетилген билим берүү менен диний ишмерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.

Эске салсак, Кыргызстандын Ислам академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында 2019-жылдын 12-декабрында кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий