• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бүгүн өлкөдө абанын табы +40 градуска жетет

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Кыргызстанда абанын табы +40 градуска жетет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө 36…38 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМдин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү кызматтарга жеткирилген.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий