Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 19нан 23-ноябрына чейин Бишкектин аймыр аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы маалымдайт:
Ага ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде жок болот:
- 19-20-ноябрда Бишкек шаарынын Тоголок-Молдо, Щербаков, Орозбеков, ЧЧК көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;
- 20-23-ноябрда Бишкек шаарынын «Щербаков» жаңы конушу; «Салам-Алик» ж/к.; Малышев, Куренкеев, 2-е Черепки, Беломорский; БЧК, М.Ганди, Саадаева, Ак-Тилек, МЧК, Кара-Жыгач бакчасы көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; «Көлмө» ж/к.; №46 мектебинин от казанында; «Геодезия-1» от казанында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий