• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

2-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Эртең, 2-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерелеринде, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт.

Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолорунда кар жаайт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -2…+3, Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3 градус жана Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градуске жетет.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -1...+1 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий