• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чолпон Султанбекова ЖКнын Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетин жетектейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымын шайлашты.

Аталган тармактык комитеттин төрайымдыгына «Ишеним» парламенттик фракциясы тарабынан Султанбекова Чолпон Аалыевнанын талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Эске салсак, 30-ноябрда депутат Медербек Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгынан өз каалосу менен кеткен.

Пикир

Оставить комментарий