Жол оңдоо. 2-июндан тарта Байтик баатыр көчөсү Ахунбаевден Медеров көчөсүнө чейин жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. 2-июндан тарта Байтик баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөсү менен чектелген бөлүгүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.

Капиталдык оңдоо маалындагы коомдук транспорттун өзгөргөн кыймыл чиймеси төмөндө көрсөтүлдү:

Убактылуу кыймыл чийме 1
Убактылуу кыймыл чийме 2
Убактылуу кыймыл чийме 3

Пикир

Оставить комментарий