• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ИИМ: Зордук-зомбулук, экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.11.22. /Кабар/. Ушул жылы 24-октябрынан 2-ноябрына чейин Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен "Борбордук Азиянын Евразия фонду" коомдук фондунун колдоосунда өттү.

Ага район-шаарлардагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитетитеринин өкүлдөрү, милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Семинардын алкагында катышуучуларга зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар берилди.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуштар угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү жооп ала алышты.

Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Белгилей кетсек, коомчулук үчүн маанилүү болгон бул иш-чаралар КР өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясын пландарынын тийштүү пункттарын аткаруу максатында өткөрүлүп жатат. Андан сырткары, жакын арада бул багыттагы окутуу семинарлар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында да өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий