• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Текебаев Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жерине жумушчу сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жерине жумушчу сапары менен барды.

Элчиликтен билдиришкендей, элчи Рейн-Вестфалия федералдык жерине Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен Германияда аккредиттелген дипломатиялык корпус менен биргеликте барды.

Иш-чаранын алкагында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган “Siemens Energy” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты, ошондой эле өнөр жай архитектурасынын эталону катары эсептелген азыркы учурда иштебеген “Zollverein” көмүр кенине барышты.

Мындан тышкары, элчи Өмүрбек Текебаев иш сапарынын алкагында бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Пикир

Оставить комментарий