• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жети медициналык окуу жайдын лицензиясын жокко чыгаруу чечими кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги жети жеке менчик медициналык университеттин №6 формасын (лицензиясын) жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жеке менчик медициналык окуу жайлардын клиникалык базаларын кароонун жыйынтыгы боюнча 17 окуу жайдын сегизинде студенттердин стажировкадан өтүүсүнө шарттар түзүлгөн. Ал эми калган 9 жеке менчик билим берүү уюмдарында шарттар жетишсиз, кээ биринде андай шарттар таптакыр жок.

Мындан улам төмөнкү окуу жайлардын №6 формасын жокко чыгаруу чечими кабыл алынган:

- Ош эл аралык медициналык университети;
- Кыргыз медико-стоматологиялык институти;
- “Роэль Метрополитен” университети;
- “Авиценна” эл аралык медициналык институти;
- “АВС” академиясы;
- Бишкек эл аралык медициналык институти;
- Медицина жана илим эл аралык университети.

Мындан сырткары, жети окуу жайдан башка №6 формасын албаган Бишкек финансы-экономикалык академиясынын алдындагы "Адам университети жана Илим жана бизнес эл аралык университети боюнча чечим кабыл алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине билдирме даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий