• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскер прокуратурасы 9 айда сотко жиберилген жазык иштеринин алкагында 1,39 млрд сом өндүргөн

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында тергөөсү аяктап, сотко жиберилген жазык иштердин алкагында мамлекеттин эсебине жалпысынан 1 млрд 39 млн 638 миң 133 сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Аскер прокуратурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өндүрүлгөн жазык иштер боюнча сот тарабынан күнөөлүү адамдарга карата тиешелүү айыптоо өкүмдөрү чыгып, алар ар түрдүү жазаларга кириптер болушкан.

Аскер прокуратурасы тарабынан тергөөсү аяктап, сотко жиберилген мамлекетке келтирилген материалдык зыян менен байланышкан жазык иштердин жыйынтыгы менен, мамлекеттик айыптоону колдоодо, сот тарабынан мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алынуусу боюнча тиешелүү иш-чаралар алып барылууда.

Алсак, З.М. КРнын Мамлекеттик байланыш агенттигинин (мындан ары КРнын МБАнин) директору болуп, радиожыштык спектрин эффективдүү пайдаланууну жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ кызмат адамы болуп, башка кызмат адамдары менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте коррупциялык байланышта, өзүнө жана башкаларга материалдык пайдаларды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында мамлекеттин жана коомдун таламдарына карама-каршы келген аракеттерди жасап өзгөчө оор кылмыш жасаган.

Атап айтканда, МБА тарабынан "Скайнет Телеком" ЖЧКсына 2019-жылдын 14-декабрына чейин колдонуу мөөнөтүнө берилген радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча лицензиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча арызды тапшыруу мөөнөтү өтүп кеткендигине карабай, З.М. башка КРнын МБАне кураторлук жүргүзгөн КРнын УКМКнын кызматкерлери Т.А. менен К.Д., КРнын МБАнин кызматкери Ж.А. менен биргеликте өз ара келишип "Скайнет Телеком" ЖЧКсынын директору Р.Г. менен компаниянын негиздөөчүсү Р.Е.нин кызыкчылыктарын көздөп, аталган компаниянын лицензиясын мөөнөтүн узартуу боюнча арызын убакты өтүп кеткен күн менен кабыл алып, ал арызга мурда башка кириш документине ыйгарылган 3635 каттоо номерин мыйзамсыз түрдө ыйгарышып, ал арызды өз убагында берилген катары катташкан.

"Скайнет Телеком" ЖЧКсынын мыйзамсыз катталган арызы мамлекеттик байланыш агенттигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан кароого кабыл алынып, аны кароонун жүрүшүндө компания радиожыштык спектрин натыйжасыз пайдалангандыгы аныкталган.

Бирок, З.М. байланыш тармагындагы мыйзам бузууларга карабастан, акчалай сыйлык алууга кызыкдар болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы аракеттенип, 2019-жылдын 5-декабрындагы №570-пр буйругу менен "Скайнет Телеком" ЖЧКсынын лицензиясынын жарактуу мөөнөтүн узартуу боюнча чечим кабыл алган.

Ал эми, "Скайнет Телеком" ЖЧКнун арызын артка карай кабыл алгандан кийин, жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлер Р.Е. ден 4 миң АКШ долларын алып, өз кызыкчылыктарына ыйгарып алышкан.

Жогорудагы кызматкерлердин коррупциялык аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 6 млн 212 миң 850 сом зыян келтирилген.

Кылмыш иштин алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчлигине тартуу менен аларга карата көрүлгөн чаралардын негизинде мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, З.М.ге тергөө тарабынан КРнын КЖКнин 42-бер., 319-бер. 1-б. ("коррупция") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыбы угузулган.

2022-жылдын 18-февралындагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен З.М. КРнын КЖКнин 42-бер., 319-бер. 1-б. менен күнөөлүү деп табылып (2017-ред.), 300 миң сом айыпка жыгылган.

Пикир

Оставить комментарий