• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 21 медаль уткан спортчулар кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Түркияда өткөн кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэрпортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Райымбек Токомбаев жана армрестлинг федерациясынын мүчөлөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, чемпионат 14-23-октябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын атынан 32 спортчу катышып, жалпы 21 медаль (3 алтын, 11 күмүш, 7 коло) жеңген.

Пикир

Оставить комментарий