Бишкек, 15.10.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө өлкө президентин шайлоо аяктады.
Шайлоо тилкелери жабылып, андан соң добуштарды эсептөө башталат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча шайлоочулардын жалпы саны 3 025 768 жаранды түзгөн.
Кыргызстан боюнча эртең мененки 8:00дөн тарта 2 миң 375 шайлоо тилкеси ачылган, шайлоо жараянына дээрлик 700дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салды.
Белгилей кетсек, шайлоого 11 талапкер катышты.
Пикир
Оставить комментарий