• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

БШК республика боюнча техникалык колдоо адистерин окутат

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. 2017-жылдын 23-28-августунда КР БШК Кыргыз Республиканын 7 облустук борборунда автоматтык-эсептөө урнасынын (АСУ) жана идентификация жабдууларынын 500 адисин окутууну өткөрөт. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

500 адис тестирлөө күнүндө жана добуш берүү күнүндө АСУ операторлоруна техникалык колдоо көрсөтөт. Андан ары ошол техникалык топтон аймактардагы автоматтык саноо урнасынын операторлорун окутууга 120 тренер тандалып алынат.

Окутууну Түндүк Кореядан атайын билим алган, шайлоо органдарынын Бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынын (ВАИО) тийиштүү сертификатына ээ болгон БШКнын системдик 10 администратор-адистери өткөрөт.

Добуш берүү күнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясына АСУнун техникалык проблемаларын чечүүгө техникалык колдоо тобунун адистерине автотранспорт каражаттары бөлүнөт

Пикир

Оставить комментарий