• 87
  • 90.41
  • 0.84

20-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 17…22, Ысык-Көлдө 14...19, Нарында 16…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 20…25 градуска жетет.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз 19…21 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий