• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер органдарын реформалоо зарыл – эксперт

Коом 0

Бишкек, 05.03.18. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Эгерде демилге укук коргоо органдары менен жарандык коомдун ортосундагы мамилелерди өзгөртүү тууралуу болуп жатса, анда ал зарыл. Премьер-министр Сапар Исаковдун ИИМди реформалоонун алкагында милицияны полиция деп өзгөртүү демилгесине карата мындай пикирин “Жарандык коопсуздук” КБ жетекчиси Марат Негметов билдирди.

Негметов эгерде ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандарды жазалоо позициясынан коргоого өтпөсө реформа натыйжасыз болорун белгиледи.

“Техникалык жактан алганда биздин чакан мамлекетибизде реформа жасоонун оорчулугу жок. Милиция мурдагы советтик мейкиндикте жазалоочу орган имиджин алып калган. Мындан жазуу түрүндө гана эмес, аң-сезимде дагы арылсак жакшы болор эле. Эгерде өкмөт бардык тутумда терең реформаны даярдап, жаңы санариптик жана “Акылдуу шаар” Полициясын жаңы мезгилде өз орду менен сунуштаса, бул популизм болбойт. Менимче, көптөгөн процесстерди санарипке которуу жана “Акылдуу шаар” тутумдагы бир топ ашыкча орундарды бошотуп, калган катуу тандоодон өткөн кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө зарыл каражат бере алмак”, - деп билдирген Негметов, татыктуу айлык акысы жок пара көйгөйүн чечүү кыйын экенин белгиледи.

Анын айтымында, милиция жарандардын коопсуздугун камсыздоого арналгандыктан полициянын адамга кардар сыяктуу багытталышы зарыл.

“Адам жүздүү полиция керек, мында жарандык коом менен, өзүнүн түздөн-түз кардары менен кеңешүүсү жана алды менен жарандар үчүн ачык-айкын түзүмгө айлануу керек”, - деп кошумчалады эксперт.

Ал 2005 жана 2010-жылдардагы революциялар учурунда милиция жарандарга эмес бийликке багытталгандыктан кайраты кетти.

“Биз ошол кезде жетекчиси З.Рысалиев болгон Бишкек шаардык ИИББ менен иштеп, шаардыктардын көптөгөн демилгелери жана башка өлкөлөрдүн коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча тажрыйбалары кирген “Коопсуз шаар” программасын биргеликте иштеп чыктык. Анткени дал ушул коомдук коопсуздук ИИО ишинин негизи. Эки жылда биз КР ИИМ менен өнөктөш болуп, “ИИББдин виртуалдык кабылдамасы” сыяктуу бир катар мыкты долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга жетиштик”,- деди Негметов.

Анын пикиринде, ИИО эгерде эрктүү чечим болсо, жарандык коом менен иштиктүү жана ачык иштеше алышат.

“Милиция кызматкерлерин сынга алуу менен адамдар аны жакшы жагына өзгөртө алышпайт, бүгүнкү күнү ички иштер органдары менен жарандык коомдун ортосунда ишенбөөчүлүк ажырымы чоң. Бирок адамдар милицияны кайра түзүүгө катышып, өз демилгелерин жана түзөтүүлөрүн киргизип, жашоону биргеликте өзгөртүүлөрү зарыл. Кызматкерлер бул ффеорма ириде алардын өздөрүнө керектигин, алардын кызматы ардактуу, сыйлуу жана жогорку маяналуу болушу керектигин алар түшүнүүсү керек”, - деп жыйынтыктады Негметов.

Пикир

Оставить комментарий