• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2017-жылдын аягына чейин Кыргызстандагы бардык ВИЧ инфекциялуу балдар жана өспүрүмдөр антивирустук дарылоодон өтүшөт

Ден соолук 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Кыргызстандагы БУУнун Балдар фонду ВИЧке каршы күрөшүү ишинде бул илдетке чалдыккан балдар жана өспүрүмдөрдүн 95%ын антивирустук дарылоодон өткөрөт.

Аталган фонддон билдиришкендей, ВИЧ инфекциялуу балдардын саламаттыгын жакшыртуу жана ВИЧти эрте аныктоо иш-чаралары өлкө боюнча 2017-жылдын мартынан декабрга чейин өтөт.

Иш-чара БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы тарабынан Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Чыгыш Европа жана Борбордук Азияда ВИЧ жана башка инфекциялуу ооруларды алдын-алуу, көзөмөлдөө программасы боюнча каржыланат.

Кыргызстанда 2017-жылдын январына карата 717 ВИЧ-инфекциялуу бала жана өспүрүм катталып, алардын 417си антивирустук дарылоодон өтүп жатышат. Жыл сайын ВИЧке чалдыккан энелерден 70-80 ымыркай төрөлөт. Бирок медициналык мекемелердеги ВИЧтин энеден балага өтүүсүн алдын-алуу чаралары менен кош бойлуу аялдарды камтууну көбөйтүү аркылуу наристелер инфекцияны кабыл албай төрөлүп жатышат. Ошондой эле, кандын кургак тамчысы аркылуу ВИЧти аныктоо заманбап ыкмасы балдарды дарылоону эрте баштап, аларга ден соолук жана жашоо укугун берүүгө жардам берүүдө. ВИЧ менен жашаган балдар жана өспүрүмдөр вирусту жайылтуу коркунучуна туш болушат. 2007-жылы аныкталган ВИЧ-инфекциялуу балдардын 90%ы өздөрүнүн ВИЧ-статусу тууралуу билишпейт жана квалификациялык психосоциалдык көмөк алышпайт. 15-24 жаштагы кыз-келиндердин 19,8%ы гана ВИЧ тууралуу ар кандай билимдерге ээ болуп саналышат. Инъекцияларды кооптуу колдонуу жана кооптуу сексуалдык тажрыйба калктын негизги топторунун арасында ВИЧтин деңгээлинин жогорулулашына алып келди.

Пикир

Оставить комментарий