• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 1900дөн ашык кылмыш катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 1900 дөн ашык кылмыш жана окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада, 6-марттан 12-мартка чейин 1 миң 963 кылмыш жана окуя катталды, анын ичинен 1551и жеринде катталган.

“Кылмыш иликтөө линиясы боюнча катталган 541 кылмыш, ачыкталганы – 292, анын ичинен изи сууй электе бети ачылганы – 117. Мындан тышкары, мурда жасалган кылмыштан 97 аныкталды. Ошентип, өткөн жумада 4 адам өлтүрүү, 19 тоноо, 1 каракчылык, 1 денеге оор залакат келтирүү, 14 зордуктоо, 158 алдоо, 66 уурулук, 21 мал уурулук жана унааны уурдай качкан 8 фактынын бети ачылган”,-деп билдирди ведомстводон.

Милиция кызматкерлери баңги затын мыйзамсыз айландыруу линиясы боюнча 34 кг 557 грамм баңги затын алышкан, анын ичинен 16 кг 499 грамм героин болгон.

Пикир

Оставить комментарий