• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

2017-жылы Кыргызстандан 137 чет элдик мигрант жаран депортацияланган

Коом 0

Бишкек, 2.03.18 /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстандан 137 чет элдик жаран өлкөдө жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн чыгарылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 1763 адам жалпысынан 17 млн 630 миң сомго административдик жоопкерчиликке тартылган.

Милиция ошондой эле мыйзамсыз миграциянын 13 фактысын, 8 мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын, дагы эки адамдын Кыргызстанда чет элдик жумуш күчтөрүн тартуу жана пайдалануу тартибин бузууларын аныктаган.

2018-жылдын башынан бери миграциялык мыйзамды бузуу үчүн 294 адам административдик жоопкерчиликке тартылган, алардын ичинен 31и республиканын аймагынан чыгарылган.

263 жаранга чет элдик жумушчуларды тартуу тартибин бузгандыгы үчүн 2 млн 630 миң суммасына административдик протокол түзүлгөн.

Мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 7 факт, чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча 6 факт аныкталган.

Милиционерлер “Мадина” базарындагы рейд учурунда Кыргызстандын жасалма айдоочулук күбөлүгүн колдонгон Кытай жаранын аныкташкан. Ага карата кылмыш иши козголду. Ал кармалып, соттун чечими менен Бишкектеги СИЗО-1ге камалды.

Эскерте кетсек, 2017-жылы Кыргызстанда чет элдик жумушчу күчтөрүнө 14,7 миң квота берилген. Бул квоталардын 80% Кытай жарандары алышкан.

Пикир

Оставить комментарий