• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Ош облусунда жазгы-сугат иштерине даярдыктар көрүлүүдө

Аймак 0

Ош, 02.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун аймагында жазгы-сугат иштерине даярдыктарды көрүү кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн имаратында өткөн жыйындын жүрүшүндө маалым болду.

Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Райимберди Монокбаев айтып берди. Анын айтымында, облуста дан өндүрүүчү 19 ишкана бар, алар дыйкандарды 90% дан менен камсыз кылышат.

Ошондой эле, 3 миң 604 жаңы жана эски техника бар, алар облус аймагындагы жазгы-сугат иштерин жүргүзүүнү тейлешет.

2018-жылы 21 миң 809 гектар жерге буудай, 19 миң гектарга – арпа, 25 миң гектарга – жүгөрү, 5 миң 500 гектарга – күн карама, 46 миң гектарга – тоют өсүмдүктөрүн, 12 миң гектарга – пахта эгүү пландалууда.

Ошондой эле, 13 миң гектар жерге – картошка, дээрлик 10 миң га – жер-жемиштерди, 3 миң га – бакча өсүмдүктөрүн жана 3 миң га аянтка – күрүч себүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий