• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде милиция ата-энелерге, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Бак айылынын Бото Нарматов орто мектебинде балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери айылдагы ата-энелерге, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, уруу-урууга бөлүнүп топтошуп мушташуунун алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрүп беришти.

Жыйналышка райондун күч органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

2022-жыл башынан бери Кара-Бак айылында жаш өспүрүмдөр катышкан бир кылмыш катталып, бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий