• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош: "Ууру" операциясынын жүрүшүндө 35 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн бир адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган "Ууру" операциясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө жарандардын базарларда, соода түйүндөрүндө, коомдук транспорттордо, окуу жайларда жеке буюмдарга сак болуусу эскертилди.

Ош шаарынын аймагындагы мүлк уурулуктарынын алдын алуу, бул багыттагы кылмыштуулукка ыктаган жарандарды аныктоо, алдын алуу иштерин жүргүзүү жана мурда катталган уурулук кылмыштарынын бетин ачуу максатында милиция кызматкерлери "Ууру"деген шарттуу аталыштагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чараны өткөрүп жатышат.

Бул иш-чара 15-16-февраль күндөрү Ош шаарынын аймагында өткөрүлдү. Анын алдында башкармалыктын, бөлүмдөрдүн жетекчилиги тарабынан өздүк курамга тиешелүү тапшырмалар, көрсөтмөлөр берилди.

"Иш-чаранын талабына ылайык, бул күндөрү милиция кызматкерлери бир топ комплекстүү иш-чараларды аткарышты. Алар мурда катталган уурулуктардын бетин ачуу, уурулук менене алектенген топторду табуу, аларды жоопкерчиликке тартуу. Негизги көӊул кылмыштуулукту алдын алуу аракеттерине бурулду. Планда көрсөтүлгөндөй, алдын алуу иш-чаралары окуу жайларда, соода түйүндөрдө, автовокзалдарда, маршруттук каттамдарда өткөрүлдү. Жарандарга жеке буюмдарга сак болуу боюнча эскертмелер таратылды", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын биринчи күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 35 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинен уурулук - 16, алдамчылык - 8, тоноо - 2. Мурда жасаган кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн 1 жаран кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандардан уурулуктар же, уурулук менен алектенген жарандар тууралуу маалыматтары болсо 03222-4-82-82 номери аркылуу кабарлап коюуну суранат. Маалымат берген адам тууралуу купуя сыр сакталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий