• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Таласта мурдагы милиционер жубайын өлтүргөнү үчүн 12 жылга соттолду

Аймак 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун мурдагы кызматкери жубайын өлтүргөнү үчун 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Агенттикке облустук соттун басма сөз кызматынан билдиргендей, Ж.А.К. Кр Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды, мүлкү конфискацияланган эмес.

Соттолуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Мындан мурда 2021-жылы 29-декабрда 1992-жылы туулган жаран Э.Н. токмок жегенден кийин каза болгон. Анын жолдошу жогорудагы кызматкер адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий