• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүм изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.04.23. /Кабар/. Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 112 кызматына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылынын 14 жаштагы М.Ф. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 6 куткаруучу, 5 милиция кызматкери жана жергиликтүү жашоочулар тартылды.

Издөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий