• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

1-августтан тарта "Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору жабылат

Аймак 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. "Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин 2022-жылдын 1-ноябрында аяктоо пландалууда.

Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун төшөлмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, "Баткен", "Жалал-Абад" аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бул убакытка чейин жүргүзүлгөн эмес.

"Манас" ачык акционердик коому кардарларларынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий