• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө жыл башынан тартып экологиялык коопсуздук багытындагы 44 укук бузуу аныкталган

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жыл башынан тартып экологиялык коопсуздук багытындагы 44 укук бузуу аныкталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана браконьерлик менен күрөшүү максатында өткөн жылдын декабрь айынын баш ченинде облустук ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын туристтик милициясынын базасында туристтик-экологиялык милициясынын жаңы кызматы түзүлгөн.

Аталган кызматтын негизги милдеттери - мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу, браконьерлик, таштандыларды жана биологиялык калдыктарды өрттөө жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына карама-каршы келген башка аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу.

Андан тышкары, аймакта чет өлкөлүк туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле аларга жардам көрсөтүү милдеттери да жүктөлгөн.

Жыл башынан Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш аракеттеринен улам, 44 укук бузуу аныкталды, анын ичинен 21 – мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу, 7 – мыйзамсыз балык уулоо, 6 – мыйзамсыз аңчылык кылуу жана анын эрежелерин бузуу, 8 – мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо жана башкалар.

Аныкталган фактылар боюнча шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтары тарабынан 10 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Калган фактылар боюнча материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган укук бузуулар боюнча жалпы материалдык чыгым 222 миң 846 сомду түзүп, анын 148 миң 510 сом өлчөмүндөгү чыгым кайтарылып берилди.

Андан тышкары, аталган кызматынын милиция кызматкерлери тарабынан лыжа тебүү базаларында жана туристтик маршруттарда, чет мамлекеттик туристтердин жана республиканын башка облустарынан келген эс алуучулардын коопсуздугу камсыз кылынып келүүдө. Чет мамлекеттик 32 туристке, эс алуу объектилерин көрсөтүп берүү жана коопсуздукту сактоо боюнча жардам көрсөтүлдү.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын call-борборуна 28 билдирүү, анын ичинен 16 экологиялык укук бузуулар жана 12 туристтик багытында билдирүү түшүп, тийиштүү мыйзам чегиндеги чаралар көрүлдү жана маалымат ээлерине жооптор кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий