• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында “Кыз адеби кымбат” аттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №2 Кадыр Закиров атындагы орто мектептин окуучулары менен “Кыз адеби кымбат” деген темада жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мектептин мугалимдери, ишкер айымдар, дарыгерлер, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Анда эне менен кыздын ортосундагы мамиле, эрте никеге туруунун алдын алуу жана суицид тууралуу маалыматтар берилип, видеоматериалдар көрсөтүлүп, психологдун кеңешин алуу, анонимдүү билдирүүлөрдү калтырууда кайсыл жерге кайрылуу керектиги тууралуу маалыматтар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий