• 88.68
  • 95
  • 0.95

2017-жылы жазгы-талаа иштерине 124 миң тонна КММ керектелет – КНА

Экономика 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. 2017-жылы жазгы-талаа иштерине 124 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейлердер ассоциациясынын башчысы Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги макулдашылган келишимге ылайык фермерлерге керектелүүчү күйүүчү-майлоочу май тууралуу божомолду берет.

“Бул жылга 124 миң тонна берди, анын ичинен 99 миң тоннасы – дизель отуну, 25 миң тоннасы – бензин. Биз өз кезегинде жетишсиздикти алдын алуу үчүн ошол көлөмдү камсыздоо максатында нефтебазаларга топтойбуз”,-деди ал.

Ошондой эле, У.Кулов күйүүчү-майлоочу каражатты фермерлер базар баасында сатып алышат деп кошумчалады. “Кыргызстанда керектөөчүлөр үчүн кеңири тандоо бар, анткени тиешелүү компаниялар көп”,-деп кошумчалады У.Кулов.

Пикир

Оставить комментарий