• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 335 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Быйыл январь-август айларында Кыргызстандын ИДПсы 335 млрд сомдон ашып, былтыркы жылдын сегиз айына караганда 5,9%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда, Кыргызстандын ИДПсы 293 млрд сомду түзүп, 7,6%га азайган.

"Өнөр жай продукциясынын көлөмү январь-август айларында 205 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 0,1%га жогорулады. Бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнүн (2,5 эсеге), химиялык продукциянын (17,9%га), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8%га), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда, темир жана даяр темир буюмдарын (11,6%га) өндүрүүнүн эсебинен болду. Курулуш тармагында 7,8%га, дүң жана чекене соода тармагында 17,2%га төмөндөө болсо, айыл чарба тармагында тескерисинче 1,8% өсүш болгон", - деп билдиришти Статистика комитетинен.

Пикир

Оставить комментарий