2018-жылы кен казуу тармагындагы продукция өндүрүү көлөмү 19,8 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. 2018-жылы кен казуу тармагындагы продукцияны өндүрүү көлөмү 19,8 млрд сомду түздү, пайдалуу кенди казуунун көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 8,1 %га өстү, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 7,9 %ды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Көмүр казуу 2017-жылга салыштырмалуу 430,9 миң тоннага (23 %га) көбөйдү жана 2,9 млрд сом суммада 2 306,4 миң тоннаны түздү (125,2 %).

2018-жылы чийки нефтини жана жаратылыш газын казуу 4,1 млрд сомду түздү (2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата 117,5 %), мында 200 миң тонна нефти жана 27,3 млн м3 жаратылыш газы алынды, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйүү – тиешелүү түрдө 18,1 % жана 5 %.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча металл рудалары 11,9 млрд сом суммасында алынды, өнөр жайдагы салыштырма салмагы 4,7 %ды түздү.

2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекеттик бюджетке жалпы түшүүлөр 1 865,0 млн сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 215,6 млн сомго көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий