• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

КРнын алтынга болгон муктаждыгы жылына 5,5 тонна – баалуу металл эмнеге жетпейт?

Экономика 0

Бишкек, 23.11.18. /кабар/. Кыргызстандын алтынга болгон муктаждыгы жылына 5-5,5 тоннаны түзөт. Өлкөдө жылына 20 тоннага жакын алтын чыгарылат. Эмне себептен мындай катышта өлкөгө алтын жетишпейт экендигин КР Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев түшүндүрдү.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маалым болгондой, “Кыргызалтын” жылына 2,5 тонна таза алтын өндүрөт. Аны келишим боюнча КРнын Улуттук банкы сатып алат.

“Улуттук банктын маалыматына ылайык, аларга алтындын резервин толтуруу үчүн жылына 2,5 тонна алтын керек. Атамекендик зергерлер үчүн 2,5-3 тоннага жакын алтын керек. Бирок зергерлер бул көлөмдөгү алтынды ички рыноктон ала алышпайт. Анткени Кыргызалтындын алтыны толугу менен Улуттук банкка өткөрүлөт. Ал эми Кумтөрдүн алтыны толугу менен чет өлкөлөргө чыгарылат да, Лондондук биржаларда сатылат”, - дейт Айдаралиев.

Ошол себептен кыргыз зергерлери өздөрүнө чийки затты башка өлкөлөрдөн издеп, дүйнөлүк баалар менен сатып алып жана салыктарды төлөп алып келүүгө мажбур.

Ошол себептен мамлекеттик өндүрүш комитети алтын кендерин жана металлдарды иштетүүдө киреше салыгын 3%га көтөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелеген.

Белгилүү болгондой, Салык кодексинин 221-беренесине киргизилип жаткан өзгөрүүлөр фискалдык саясатка эмес, көбүнчө:

  • Алтын кендерин жана концентраттарды чыгарууда көзөмөлдү күчөтүүгө;

- Алтын казуучу фабрика курууга ынандырууга;
- Ички алтынга болгон муктаждыкты жоюуга;
- Иштетилген алтынды кайра өлкөгө кайтарууга басым жасайт.

Бул мыйзам кабыл алынса, ал алтын жана концентрат казуучу 7 компанияга иштейт. Анын Кумтөрдүн ишине эч кандай тиешеси жок.. Анткени аталган компания эл аралык келишим менен иштейт.

Пикир

Оставить комментарий