• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте курулуш тармагын электрондук башкаруу механизмдерин киргизүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Бишкекте Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу тараптар курулуш тармагын электрондук башкаруу механизмдерин киргизүү боюнча биргелешкен демилгени ишке ашыруу үчүн даярдоо иш-аракеттеринин маселелерин талкуулады.

Мамкурулуштун директорунун орун басары Бактыяр Станбеков архитектура-шаар куруу чөйрөсүндө санариптик инфраструктураны түзүүнүн бир катар актуалдуу багыттарын белгиледи жана тараптар ортосундагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, долбоорлор боюнча улук адис А.Аманова курулуш комплексинин санариптик инфраструктурасын куруу боюнча кызматташтыктын алкагында техникалык, консультативдик жана башка көмөк көрсөтүүгө АӨБ даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, долбоордук сунуштарды берүүнүн зарылдыгы жөнүндө консолидацияланган чечим кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий