• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын 80%ы санариптик документтер менен камсыздалган

Өкмөт 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда экономикалык активдүү калктын 80%ы санариптик документтер менен камсыздалган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын аппараттык жыйынынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Ал санариптештирүү алкагындагы ишмердүүлүктүн маанилүү багыттарына токтолду.

Атап айтканда, министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, быйыл өлкөнүн тарыхында биринчи жолу «санариптик ” секирик үчүн укуктук негиз болчу «Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси» кабыл алынат.

«Кодекс көптөгөн ар кандай мыйзамдардан, кээде бири-бирине карама-каршы келген, ар кандай терминдер менен жөнгө салууну издебестен, бардык санариптик нормаларды бириктирген бир гана документти эффективдүү колдонууга мүмкүндүк берет. Укуктук системага бул олуттуу “хирургиялык” кийлигишүү- технологияларды ишке ашыруу жана өнүктүрүү процесстерин улуттук мыйзамдар жайлатууга негиз болуп калбашы үчүн жасалган аргасыз чара деп айта алабыз, анткени Кыргызстанда Президенттин жетекчилиги астында, азыр өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү багыты белгиленди. Мен бул жерде төмөнкүлөрдү белгилегим келет: технология "өзүнчө нерсе" эмес. Аны өнүктүрүү коомго жана инсанга берилүүчү коомдун жыргалчылчылык жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталган», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурда Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 80% санариптик документтер менен камсыздалган.

Анын айтымында, жакында болгон жер титирөөдө телефон алып көчөгө чуркап чыккан көптөгөн жарандарга бардык керектүү документтер берилген.

«Күтүлбөгөн жерден бул табигый кырсыктардан камсыздандыруунун бир түрү болуп калды. Кызыгы, Android смартфондорундагы жер титирөө тууралуу эскертүү окуянын өзүнө бир мүнөт калганда келген. Кудайга шүгүр, кээ бир мамлекеттердегидей кырсык кайталанбаганына. Бирок көчөгө чуркап чыгууга бир мүнөт жетиштүү болду! Эмне үчүн эскертме iPhone телефондоруна келген жок? Көрсө, Apple биздин өлкөлөрдү кырсыктан кабарлоо кызматы үчүн жеткиликтүү өлкөлөрдүн тизмесине киргизген эмес. Бул жөнөкөй функциядай сезилет, бирок ал адамдардын өмүрүн сактап кала алат! Бизге технологиялык компаниялар, өзгөчө Apple, Google жана Microsoft менен диалог керек. Технологиялык корпорациялар «жалпы жыргалчылык» үчүн иштеген мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн өнөктөшү болушу керек, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле жасалма интеллектти кыргыз тилинде сүйлөө жана түшүнүү үчүн үйрөткөн ата мекендик адистердин ийгиликтерине токтолду.

«Түнкүсүн санариптик дикторлор мамлекеттик радиодон кыргыз тилиндеги жаңылыктарды окуп жатат. Таң калыштуусу, алмаштырууну эч ким деле байкаган жок.

Кийинки маанилүү этап биздин мыйзамдарда жасалма интеллектти окутуу болот, бул бизге жарандарга гана эмес, мамлекеттик кызматкерлерге жана укук коргоо органдарына да юридикалык кеңеш берүүгө мүмкүндүк берет”, - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий